Russian version
Көрсөтүүдө жер астына түшүп, өзгөчө өнөрлүү досторунун жардамы менен өз жанын табуу үчүн Ай Кулак, Желмогуз жана Көкдөө менен алышкан Эр-Төштүк баатырдын окуясы баяндалат. Акырында, Эр-Төштүк Байтеректеги уядагы балапандарды ажыдардан сактап калат жана аны балапандардын энеси Алпкаракуш жер үстүнө алып чыгат. Көрүнүш жагын айтсак, чыгармада эски жана заманбап элементтер көрсөтүлөт. Дөө-шаалардын сөлөкөттөрү салтуу Индонезиянын көлөкө куурчактарынын жардамы менен берилет. Дамир Насибуллин аткарган сахна жасалгалоосунун негизги өзөгүн түзгөн жарык аркылуу берилген видеонун автору Шаарбек Аманкул. Жарык берүүнү жасаган Бегайым Турумбекова, ал эми кийимдерди көркөмдөгөн Айнура Асанбекова.
Эр-Төштүктүн ачылышы 2008-ж. 23-майда саат 19:00дө Карасаев көч. 1 (мурунку Дружба көч) B’Art Center’де болот. 24-25-майларда чыгарма ушул эле жереде саат 19:00дө дагы эки күн кайталанып коюлат, ал эми 22-майда прессанын өкүлдөрү репетицияга катышып, сүрөткө тартып, интервью алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Кирүү акысыз, бирок орундуктар чектелүү болгондуктан 53-17-85 жана 0-555-40-89-40 телефондоруна чалып, алдын ала орун алып коюнуздар. brama.com/yara//toshtuk-kg-press-kg.html.
Бул долбоор АКШнын Бишкектеги элчилиги, Fulbright программасы, AKMICA, «Сахна» театры, Театралдык окуу жайы жана Ла МаМа театрынын Яра Артс Групп тобунун колдосуу менен ишке ашты.
|
Yara Arts Group
306 East 11th St., #3B
New York, NY 10003
USA
Phone/Fax: 212-475-6474
Email: yara@prodigy.net
Tell us what you think of our
homepage!