photo by Maragret Morton


«Жаўыл»


Премьера первого кыргызско-американского театрального проекта

Театр жаатындагы алгачкы кыргыз-америкалык «Жаўыл» аттуу долбоордун ачылышы 10 августтан 12 августка чейин Б Art Center де (Карасаев, 1) єтєт.

Кошумча маалымат керектегендер тємєнкї дарекке кайрылса болот:
53-17-85 (Б Art Center) 0-502 409-179


Театр жаатындагы алгачкы кыргыз-америкалык «Жаўыл» аттуу долбоордун ачылышы 10 августтан 12 августка чейин Б Art Center де (Карасаев, 1) єтєт. 9 августта «Жаўыл» басма сєздїн єкїлдєрї їчїн кєрсєтїлєт. Ушул учурда режиссер жана актерлор менен маектешип, аларды сїрєткє тартып алуу мїмкїнчїлїгї тїзїлєт.

«Жаўыл» – бул 17 кылымда жашаган, жаа тартууда алдына эч кимди чыгарбаган кєзгє атар жоокер кыз жєнїндєгї ошол кылымда жаралган кыргыз эпосунун негизинде тїзїлгєн саамалык оюн. Бул постановка бир эле учурда кыргыз жана англис тилинде коюлат, андагы ылайыктуу музыканын, пластиканын болушу спектаклди аруулап, кабылдоону жеўилдетет. Спектакль 1 саатка созулат.

«Жаўылды» Бишкектеги «Сахна» театры менен Нью-Йорктогу «Ла МаМа» эксперименталдуу театрлары биргелешип койгон. Спектаклди Бишкек шаарында коюу їчїн Нью-Йорктон режиссер Вирлана Ткач, дизайнчы Ватоку Уэно, сїрєтчї Маргарет Мортон жана актриса Сусан Гион келишкен.

Кыргыздын кичи эпосу «Жаўыл Мырза» спектаклине арналган долбоор 2005 жылы башталган, бул ой режиссер Вирлана Ткач кыргыздын кичи эпосторун театрдын сахнасында кайра жаратып жатышкан Бишкектеги «Сахна» театрынын аракеттери менен таанышкандан кийин жаралган. «Жаўыл Мырза» кичи эпосун сахнага коюу идеясын «Яра Артс Групп» жамаатынын режиссеру Вирлана Ткач баштаган. «Яра Артс Групп» 1990 жылдан бери иштейт, ал Нью-Йорктогу атактуу «Ла МаМа» театрынын эў негизги топторунун бири. «Ла МаМа» театры болсо дїйнєнїн эў атактуу театрларынын бири, аны 1961 жылы Елен Стюарт негиздеген.

2005 жылдын жай айларында Вирлана Ткач, Роза Мукашева жана Ванда Фиппс эпосту кыргызчадан англис тилине которуунун їстїндє иштеп, долбоорду ишке ашыруудагы эў алгачкы кадамды баштаган. 2006 жылы жайында, режиссер менен актерлор эпосто айтылган Ак-Чий, Ат-Башы ж.б. Жаўыл жїргєн жерлерге барып таанышкан. Бул барышта ар кандай кошоктор, ар кайсы дастанчылар айткан эпостун ар кыл варианттары жазылып алынган, америкалык актерлор болсо кыргыз элинин салттуу маданияты менен таанышып кайтышкан. Андан соў Сїрєткерлер Шаарчасында август айында постановканын їстїндє иштєє аракети башталган.

Андан аркы иш ушул жылдын февралында Нью-Йоркто уланды. Бул шаарда спектакльдин премьерасы болду, анда чакырылган меймандардын арасында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчиси Замира Сыдыкова да катышты. Жаўылдын ролун эки актриса: кыргыз Кенжегїл Сатыбалдиева жана америкалык актриса Сусан Гион аткарышты. Нью-Йорктогу гезиттердин бири мындай деп жазды: «Арийне, бул байыркы эпосту кабылдоого ылайыкталган эў мыкты жана кызыктуу режиссердук табылга. Ал кєрїнбєс жип менен эки башка маданиятты: америкалык жана кыргыз маданиятын, батыш жана чыгышты бириктирген бїгїнкї болмуштун бир їзїмї».

«Ла МаМа» театрында март айында «Жаўыл» 14 жолу коюлган. Кєрїїчїлєрдїн арасында Нью-Йоркто жашаган кыргыздар да болду. Театр сїйїїчїлєрї кыргыз актерлорунун оюнун, дизайнын жана хореографиясын жактырышты. « Жапондук сїрєткер Ватоку Уэно кїндїн жарыгы жана аппак улуу тоолордун карааны толгон таўгаларлык аруу дїйнєнї жараткан. Проекцияда Яра менен бирге Кыргызстанды кыдырып аралаган, жаратылышты жана ошол жердеги адамдарды сїрєткє тїшїргєн сїрєтчї Маргарет Мортондун иштери пайдаланылган», - деп жазган буга таасирленген Рафаэль Некталов «The Bukharian Times» гезитинде. «Жаўылдан» тышкары «Сахнанын» актерлору «Ла МаМа» театрынын тарыхында биринчи жолу кыргыз тилинде, режиссер Нурлан Асанбеков жараткан «Керээз» спектаклин коюшту. «Ла МаМа» театрында Питер Брук, Ежи Гротовский, Тадеуш Кантор, Тадаши Сузуки, Том О Хорген, Муррей Абрахам, Диана Лейн, Роберт Де Ниро, Билли Кристал сыяктуу кєптєгєн белгилїї режиссерлор иштеген. «Сахна» театрынын актерлору бул театрда «Керээзди» 5 жолу коюшту.

Салттуу-кєчмє «Сахна» театры 2003 жылдан бери иштейт, режиссеру Нурлан Асанбеков. Алардын репертуарында сахналаштырылган кичи эпостор «Керээз», «Курманбек», «Мактым Дастан» бар. Анын жамааты кєптєгєн эл аралык театралдык фестивалдарга катышкан. Бишкекте коюлуучу постановкада «Сахнанын» актерлору: Мунарбек Алибаев, Бактыкул Жаныбеков, Илгиз Жунусов, Асел Маамытова, Алымкан Абдыкадырова, Азамат Серкебаев, Майрамбек Боргоев, Тилек Касымалиев, дастанчы Ємїрзак Кайыповдор катышат.

2 августтагы саат 6.00 дєгї премьерага чейин бир жума калганда «Б Art Center»де Маргарет Мортондун «Жаўыл Нью-Йоркто» аттуу сїрєт кєргєзмєсї ачылат. Кєрїїчїлєр Маргарет Мортондун аракети аркылуу Америкада болуп єткєн «Жаўыл» постановкасы жєнїндє кєбїрєєк маалымат алышат. Маргарет Мортон Cooper Union Schoolдун профессору, анын 4 сїрєт китеби жарык кєргєн, ал кєптєгєн эл аралык кєргєзмєлєрдїн катышуучусу. 2006 жылы аны кыргыз куратору Шаарбек Аманкул Ош шаарында єткєн эл аралык «Тїштїк уюлу» аттуу долбоорго катышууга чакырган.

«Жаўыл» спектакли 17-18 августта Нарын Драма театрында коюлат, андан соў 21-22 августта «Кошой-Коргон» фестивалынын курумунда Кара-Суу айылында коюлат.

Долбоорду колдогондор: Нью-Йорк шаары жана штаты, Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги, «Артслинк», «Сорос-Кыргызстан» Фонду, Кристенсен Фонду, Нордлис Фонду, Кыргыз Республикасынын Президенттин билим берїї Фонду жана Ла МаМа театры, Маданият жана маалымат Министрлиги, Кыргыз Республикасындагы Швейцария кызматташтык Бюросу.

Кошумча маалымат керектегендер тємєнкї дарекке кайрылса болот: 53-17-85 (Б Art Center) 0-502 409-179 (Алтын Капалова)

Маалыматтарды жана сїрєттєрдї тємєнкї сайттан алса болот: www.brama.com/yara/janyl-review.html

Additional information and photographs from Janyl in New York March 2007

For pictures from Yara's research into the Celestial Mountains July 2006
For pictures and information on Yara's workshop of Janyl Myrza in Bishkek, Kyrgyzstan August, 2006
For information on related Kyrgyz Spring in New York


Return to contents

If you would like to be included on our mailing list
send us your name and full postal address

or write to:

Yara Arts Group
306 East 11th St., #3B
New York, NY 10003 USA

Phone/Fax: 212-475-6474
Email:mailto:yara@prodigy.net

Tell us what you think of our homepage!

Top of page | Arts & Culture | Yara Homepage
BRAMA, Inc.
Copyright (c)1995-2007 Yara Arts Group; all rights reserved. Photo by Margaret Morton.